Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областынын билим берүү кызматкерлери жайкы эс алууда

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областык комитети, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын арасында өткөрүлгөн областтык кароо сынактарга, фестивал, брейн-ринг интеллектуалдык оюндарына, онлайн тестке активдүү катышкан баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары үчүн КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Тоң районундагы "Красная гвоздика" эс алуу борборунда эс алуу уюштурулду. Бул эс алууга жалпы область боюнча 39 төрага, төрайымдар катышууда. Эс алуулар жогорку маанайда өтүүдө. Бул сыяктуу эс алуулар билим берүү кызматкерлери үчүң алдыда дагы уюштурула бермекчи.

 

Маалыматты даярдаган: Областтык комитеттин адиси Гапарали уулу Мансур