Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ

2019-жылдын 1-февралында Баткен мамлекеттик университетинин окуу түзүмдүк бөлүктөрүнүн профсоюз уюмдарынын башын бириктирген бириккен профсоюз комитети Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде уюштурулду.

Уюштуруу конференциясына, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, БатМУнун ректору А.Зулпуев, БатМУнун профсоюз уюмунун төрайымы Л.Эшалиева жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүктөрүнөн  делегат болуп шайланган 33 адам катышты.

Конференция башталаар алдында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков сөз сүйлөп, профсоюз  уюму  профсоюздардын Уставы, Жобосу, Крнын профсоюздар жөнүндөгү мыйзамдарындагы иш-милдеттери жана профсоюз уюму кызматкерлердин  социалдык-экономикалык абалы  жана эмгек укуктарын коргоого багыталган уюм экендиги жөнүндө катышуучуларга түшүндүрүп берүү менен конференцияга З.Бөтөков өзү төрагалык кылды.

Конференциянын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер коюлду:

  1. БатМУнун  бириккен  профсоюздар комитетинин түзүү,
  2. БатМУнун  бириккен  профсоюздар комитетинин жобосун бекитүү,
  3. БатМУнун бириккен профсоюздар комитетинин мүчөлөрүнүн курамын  бекитүү,
  4. БатМУнун бириккен профсоюздар комитетинин текшерүү комиссиясынын  курамын бекитүү,
  5. БатМУнун бириккен профсоюздар комитетинин төрагасын  шайлоо,
  6. БатМУнун бириккен профсоюз комитетинин президиум мүчөлөрүн шайлоо маселелери карлды.

Жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети түзүлүп, мурдагы жобону негиз катары кабыл алышып окуу жайлардын сунуштарынын негизинде толуктоо киргизип юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы сунушталды. Ошондой эле төрагалыкка 2 талапкер (Кызыл Кыя көп тармактуу институтунун профкому Д.Джумабаева жана БатМУнунун ага окутуучусу К.Таировдор) сунушталып,  Кыя көп тармактуу институтунун профкому Д.Джумабаева өз каалоосу менен талапкерлигин кайрадан алды жана БатМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына бир добуштан БатМУнунун ага окутуучусу К.Таиров шайланды.

 

Маалыматты даярдаган:

Баткен обл.комитеттин  уюштуруу, укук иштери боюнча адиси  

К.Акимов.