“Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердуулугу” жана “Уюштуруу иштериндеги лидерлик сапаттар”
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитети тарабынан 2014-жылды “Билим илим профсоюзунун ишмердүүлүгүндөгү жаӊылануу жана жаштар жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан 2014-жылдын 9-июнунда 35 жашка чейинки профсоюз уюмунун төрага (төрайымдарына) “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердуулугу” жана “Уюштуруу иштериндеги лидерлик сапаттар” деген темаларда семинар өткөрүлдү. Семинар Исфана шаарында өткөрүлүп, Сүлүктү шаарынан 3 төрага, Лейлек районунан 16 төрага, жалпысынан 19 баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары катышты.
Уюштуруу иштери боюнча адис: К.Акимов.