Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы профсоюз комитетинин жаш төрагаларынын ишмердүүлүгүн активдештирүү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитети тарабынан  2014-жылды “Билим жана илим профсоюзунун ишмердүүлүгүндөгү жаӊылануу жана жаштар жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу  Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан  2014-жылдын 11-июнунда   баштапкы  профсоюз уюмунун жаш төрага (төрайымдарына) “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү” жана “Уюштуруу иштериндеги лидерлик сапаттар”    деген темаларда Кадамжай шаарында семинар өткөрүлдү,  Кызыл Кыя  шаарынан 4 төрага,  Кадамжай районунан 19 төрага, жалпысынан 23 баштапкы профсоюз уюмунун жаш төрагаларынын  катышуусунда өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү” деген темада областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков, “Уюштуруу иштериндеги лидерлик сапаттар” деген темада уюштуруу иштери боюнча адис К.Акимовдор лекция окушуп, катышуучулар тайпаларда практикалык иштерди аткарышты жана азыркы мезгилдеги профсоюздун иштериндеги койгойлүү суроо жооптор болуп талкууланды.

 

Уюштуруу иштери боюнча адис:   К.Акимов.