Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы уюмдардын саны өсүүдө

2015-жылы Баткен районунда 1 башталгыч мектеп,  5 мектепке чейинки билим берүү  мекемеси ачылды. Бул мекемелерде КР “Кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамына ылайык” баштапкы кесиптик бирлик уюмдары түзүлдү. РКПнын Президиумунун 2015-жылдын  октябрь айындагы чечимине ылайык бул уюмдар райондук комитеттин катарына кабыл алынды. 6 уюмдан 81 кесиптик бирлик мүчөсү райондук уюмдун мүчөлөрүнүн катарын толукташты. Учурда Райондук комитеттин курамында 88 баштапкы уюм, 2518 кесиптик бирлик мүчөсү бар. Жаңыдан киргендерге профсоюз билеттери таркатылууда. Райондук комитет кесиптик бирлик уюмуна мотивациялоону уланта бермекчи.

 

РКПнын жетектөөчү адиси                                          Б.Абдыразакова