Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Баштапкы профсоюз уюмунун 2016-жылдын мыкты төрагасы»

         Билим  берүү  жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Баткен облустук комитетинин  президиумунун  2016-жылдын 25-февралдагы токтомунун , Билим беруу кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай райондук  комитетинин  2016-жылдын  5-сентябрдагы  токтомдорунун  негизинде түзүлгөн  жобого ылайык .Билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун Кадамжай  райондук  комитети тарабынан  2016-жылдын  7-октябрь күнү «Баштапкы  профсоюз уюмунун  2016-жылдын  мыкты төрагасы» кароо сынагы өткөрүлдү .Кароо сынак  Билим берүү мекемелриндеги  жана профсоюзга  мүчө  уюмдардын  профсоюз активистеринин  жөндөмдүүлүгүн талаптын жана  профсоюз тармагындагы ишмердүүлүктөрүн арттыруу ,ошондой эле профсоюзга кадрлар резервин  түзү,кесипкойлукту жогорулатуу менен  профсоюздун  келечегине  шарт түзү, эмгекчилердин  социалдык эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу мүмкүнчүлүктөрүн  көрсөттү.

Жыйынтыгында: 

I  .  орун Макканов  ат о.мектептин  профкому Абдибайитов Камал

II .  орун  Б.Примов ат.о.м ектептин профкому Ганиев Элчибек

III  .орун Тайиров ат.о.мектептин  прфкому Маматахунов  Бекболоттор 

камсыз кылышты.  Байгелүү  орунду ээлегендер райком профсоюз тарабынан  дипломдор жана  баалуу сыйлыктар  менен сыйланышты,  жалпы катышуучуларга  кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.