Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы уюмдардын эмгеги бааланды

2019-жылдын 14-февраль күнү ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов катышып,  тармактык профсоюздун, облустук комитеттин жана  ЖАМУнун профсоюздук комитетинин профсоюздук ишмердүүлүктөрүнө токтолуу менен  “2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы” мамлекеттик программасынын алкагында  уюштурулган  Республикалык  “Проф Com Интернет конкурсунун” жыйынтыгы менен “Баштапкы профсоюз уюмдун иш тажрыйбасы” номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө  сыйлыктарды тапшырды: ЖАМУнун профсоюздук комитети  КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин  диплому жана атайын сыйлык төраганын атайы берүүчү кол саат менен, профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин ардак грамотасы жана ноутбук менен, ЖАМУнун “Медицина” факультетинин баштапкы профсоюз уюму, жетекчиси Чоюнова Айжан Тургунбаевна жана “Медициналык” колледждин баштапкы профсоюз уюму, жетекчиси Алимбаева Гүлбара Эргешовна, ушундай эле ардак грамота жана  планшет менен сыйланышты. ЖАМУнун профкомунун төрагасы К.М.Болотбеков  баштапкы уюмдардын эмгегинин  бааланышы профсоюздук ишмердүүлүктүн  жаңы деңгеелге көтөрүлүшүнө дем болоорун айтуу менен окуу жайыбыздын профсоюз уюму биринчи жолу республикалык деңглдеги сыйлык менен сыйланып жаткандыгын белгилеп, ишмердүүлүгүбүздү баалаган тармактык профсоюздун Борбордук Комитетине, төрага А.Т.Токтогуловго, профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетине, төрага А.А.Исмаиловго, иштин илгерилешине колдоо көрсөткөн ЖАМУнун жетекчилигине, профсоюздук уюмду түзгөн жалпы жамаатка  ыраазычылыгын билдирди.

 

Даярдаган:

Н.Баитова