Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жыл жыйынтыгын жыйынтыкташты

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жылдын жыйыгын чыгарышып мектептерде профсоюздук чогулуштарын өткөрүштү. Быйылкы 2019-жылдын иш пландары бекитилип, өткөн жылдын анализдери жүргузүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан кабыл алынган иш пландар толугу менен аткарылып, мугалимдердин муктаждыктарын камсыз кылышты. Тактап айтканда мугалимдер бекер медициналык кароолордон өткөрүлдү. Ошондой эле профсоюздук уюмдар  бош убакыттарын дагы максаттуу пайдаланышууда. Эс алуу үчүн атайын эс алуу бөлмөлөрү уюштурулуп, өнөктөштөр менен демөөрчүлөр тарабынан тиешелүү мебелдер, зарыл эмеректер менен жабдылууда. Профсоюздук иш чараларды сапаттуу уюштуруу менен биргеликте иштеп жаткандардын саламаттыгын чыңдоо, эс алдыруу жана эмгек өргүүлөрүн максаттуу өткөрүүгө шарт түзүп келинүүдө. Жыл сайын “Көгүлтур Ысык-Көл”, “Жала-Абад”, “Ысык-Ата”, “Жети-Өгүз”,  “Ала-Тоо” санаторий, курортторго жолдомолор менен камсыз кылууда кезметтүүлөктөр сакталууда жана шарттар түзүлүп берилип жатат. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери менен эмгек жамааттары тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Окуучулар менен коопсуздукту уюштуруу боюнча тарбиялык сааттар, системалуу машыгууларды өткөрүү, жол маршуттары боюнча иштердин уюштурулушуна көзөмөлдү күчөтүү, коридорлордогу, окуу кабинеттердеги эвакуация пландары менен тааныштырып, чыгуу жолдорун анык көрсөтүп, так аткарууну талап кылуу жагы класс жетекчилерге тааныштырылды.

2-3 тараптуу жана жамааттык эмгек келишимдери түзүлүп, профсоюз мүчөлору менен тааныштырылды. Мугалимдердин газета журналдарга жазылуусу уюштурулуп, “Кут билим”, “Дил”, “Мугалимдер дүйнөсү”, “Шоокум”, “Таш-Көмүр жарчысы” газеталарына такай жазылышып турушат.Мектептерде майрамдар жогорку деңгээлде уюштурулуп,профсоюз уюму тарабынан акчалай каражаттар бөлунүп берилип,майрамдар көңүлдүү өткөрүлүүдө. Ушундай жыйынтыктар менен №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Г.Усубалиева, №7 К.Кузембаев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы уюмунун башчысы Б.Усенова, №5 В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Л.Сманова,№14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Г.Жуманалиева жана бардык мектеп, бала бакчаларынын профсоюз уюмунун башчылары жылдын жыйынтык отчётторун беришти. Жыл жыйынтыгын чыгаруу менен жаңы быйлкы 2019-жылдын иш пландары талкууланып, жаңы милдеттер кабыл алынды.

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева