Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар болуп өттү

Ала-Бука районун Эргешов атындагы орто мектебинде “Баштапкы кесиптик уюмунун ишмердиги” деген темада райондук семинар 29-октябрь күнү болуп өттү. Семинарга Ак-Там айыл аймагынын метептеринин жана балдар бакчаларынын профкомдору катышты.

Семинарды алгач райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып профсоюздардын өткөн майрамы менен куттуктап калоо тилектерин айтып семинардын максатын, профсоюздун ролун мыйзамдардын аткарылышы иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнө кеӊири токтолуп өттү.

Семинар негизинен суроо жооп жана ар бир катышуучу ой пикирлерин кеӊири айтуу менен жүрдү. Эргешов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы Ботобаев Бакыт мектепте үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча кеӊири айтып иш кагаздары менен тааныштырып бир топ суроолорго жооп берди.

Баштапкы кесиптик уюмунун төрайымдары Токтогулова Б, Райымбекова Г,  Шаамырзаева Даанакандар биртоп сунуш пикирлерин айтууга жетишти. Мектептин директору Тайырбеков Нурбек өздөрүнүн мектебинде профсоюз менен болгон ынтымагын , ынтымактын негизинде ушул жылы көп ийгиликтер болгонун токтолуп ушундай семинарлар болуп турса деген сунушун берди.

Акырында Ж.Дурусалиевге айлык акы,эмгекке жарамсыздык боюнча баракчалардын толтурулушу төлөнөшү жана Жогорку Кеӊештеги болуп жаткан мыйзамдар боюнча суроолор берилди , берилген суроолорго ирети менен жооп берди алган жоопторуна канаттангандыктарын семинардын катышуучулары билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Дурусалиев Жакыпбай