Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдун социалдык өнөктөшү Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы менен сыйланды

№30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму тармактык кароо-сынактын республикалык турунда Гран прини багындырган. Мында социалдык өнөктөш катары Шайдан айыл өкмөтүнүн да салымы чоң.

Алыкулов Шергазы Мухтарович 2016-жылдан тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат. Бул жылдар аралыгында түзүлгөн Үч тараптуу келишимдердин негизинде Шайдан айыл аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын социалдык-.экономикалык маселелерин чечүүдө өзүнүн зор салымын кошуп, мыкты социалдык өнөктөш экендигин далилдей алды. Атап айтсак  №42 Э.Давлетов атындагы орто мектебине жаңы спорт зал курулуп, мектептин чатыры алмаштырылды. №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин айланасы темир тосмо менен тосулуп, жаңы спорт залдын курулушу бүтөр алдында турат. №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебине ашкананын курулушу аяктап пайдаланууга берилди жана жаңы заманбап спорт залдын курулушу аяктап калды. Арапов атындагы башталгыч мектебинин айланасы тосмолонуп, беседкалар курулду.

№31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин жылытуу системасы толук ремонттон өткөрүлүп, класстарга шкафтар алынып берилди. №3 “Мээрим” балдар бакчасынын айланасы темир тосмо менен тосулду. №7 Ак Тилек балдар бакчасына дарбаза жана кудук  курулду. Андан сырткары бул бакчага кошумча төрт тайпанын ремонту толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди жана 8 кызматкер жумуш менен камсыз болду.

2018-жылда Шайдан айыл өкмөтүндө билим берүү мекемелери үчүн жалпы тартылган инвестициялардын суммасы 25 009185,56 сомду түзөт. Андан сырткары коопсуздукту камсыздоо максатында ар бир мектеп жана балдар бакчалары өрт өчүрүү шаймандары менен  толук камсыздалды. Мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коопсуздукту  камсыздоо,  тарбыялык  иштерди  жакшыртуу,  билим  сапатын  көтөрүү   максатында   окуу-тарбиялык  иш-чараларды  өткөрүүгө 1 634 871 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.   

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров