Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык бул жылы мугалимдердин эс алуусу жогорку денгээлде уюштурулду.

Жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп жаткан кароо-сынактардын жыйынтыктарынын негизинде активдүү катышкан мугалимдер Арстанбап турпансионатында, 3-орунду ээлегендер Сары-Челек, 2-орунду ээлегендер Талас жана 1-орун ээлегендер Ысык-Көл облустарында эс алышты.

Андан сырткары Арстанбап турпансионатында “Жайкы мектеп-2021” эс алуу менен бирге окуу-семинары уюштурулуп, анда жылпы 100 мугалим, 90 тарбиячы эс алышты. Алардын катарында райондогу мектептердин баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын эс алуусу 2021-жылдын 27-31-июль күндөрү Ысык-Көлдө уюштурулду. Эс алууга барып келген каражат, жатакана, тамак-аш толук түрдө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан каржыланды. Бул эс алуу биз үчүн жаңы окуу жылына абдан зор дем, күч, стимул болду деп айтсам жаңылышпайм.

Биз үчүн көнүлдүү эс алууну уюштургандыгы үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго жана ушул билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин көп жылдардан бери кадыр-баркын, беделин түшүрбөй, жогорку денгээлде иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан агайыбыз Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Төрөгелдиев атындагы №7 орто мектебинин профкому Б.Пирматова