Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинары болуп өттү

2019-жылдын 15-февраль күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу  №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде “Жаңы технологиялар менен иштөө мезгил талабы” аттуу баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинары болуп өттү.

Анда  төмөнкү маселелер каралды:

  1. 2019-жылдын “Мыкты  кесиптик  уюму  жана  төрагасы»  райондук кароо-сынагын   уюштуруу жөнүндө;
  2. Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин курамына күбөлүктөрдү тапшыруу;
  3. Билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, 480 сааттык окутуу боюнча жана дем берүүчү эмгек акылардын жүргүзүлүшү боюнча маалымат;
  4. Баштапкы кесиптик уюмдарда  жаңы  технологиялар  менен  иштөөнү  уюштуруу;
  5. Борбордук Комитеттин 25-26-декабрь, Областтык Комитеттин 8-февраль күндөрү өткөрүлгөн жыйынтыктоочу президиумдарынын токтомдорун турмушка ашыруу;

Иш чарага Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Ноокен райКБК укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров, Ноокен рай БББнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г. Бекбаева, бухгалтери З. Кодирова катышышып, маселелер боюнча маалымат берип, суроолорго жооп беришти.

 

 

Материалды даярдаган:

№ 29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин

баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы

С. Абдурахимова