Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Баштапкы кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш-кагаздары»

2022-жылдын 19-20-майында Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Т.Ташмаматов, М.Нурбаев атындагы орто мектептеринде Жазы жана Мырза-Аке аймагындагы баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери үчүн «Баштапкы кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш-кагаздары» деген темада аймактык семинарлар өткөрүлдү.

Семинарда Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов үч тараптуу эмгек келишими, баштапкы кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш кагаздары, туруктуу комиссиялардын иштери, жеке жана жамааттык арыздар жөнүндө слайд аркылуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле баштапкы кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш-кагаздарынын үлгүлөрү баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдарына кагаз түрүндө жана электрондук түрдө таратылып берилди.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Өзгөн РПКнын инспектору А.Бөлөкбаев баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилерине «Социалдык тармактардын кесиптик бирликтин ишин алга жылдыруудагы ролу» деген темада кенен маалымат берди. Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин ТЕЛЕГРАМ группасы жөнүндө айтып, «Баштапкы кесиптик бирлик комитетинин бирдиктүү иш-кагаздары» ошол ТЕЛЕГРАМ группасына электрондук түрдө жүктөлө тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин интернет сайты тууралуу кеңири маалымат берди.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети