Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балыкчы шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин VI-кайра шайлоо конференциясы

Балыкчы шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин VI-кайра шайлоо конференциясы 2020-жылдын 13-ноябрда болуп өттү. Конференцияда мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынан  шайланышкан 19 делегат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов А.Т., Тоң райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Урманбетов Н.А., Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамбетова Н.С., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, №4 гимназия мектебинин директору Акулуева Б.К., профсоюз кыймылынын жана билим берүүнүн мыктысы Карачева Ө.С. жана шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты. Балыкчы шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  төрагасы Абдраимов Н.К. 2015-2020-жылдардын аралыгында аткарылган иштери жөнүндө презентация кылып, кеңири маалымат берүүчү доклад менен чыгып сүйлөдү. Андан соң текшерүү комиссиясынын төрайымы Молдалиева Анара Абыкановна отчеттук доклад жасады. Чакырылган меймандар менен делегаттар шаардык профсоюз комитетинин дарегине каалоо тилектери менен мыкты деген бааларын беришип, жакшы сөздөрүн айтышты. Конференцияда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов сөз сүйлөп, Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерге, алдыга коюлган милдеттерге токтолуп, шаардын профсоюз активисттерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Жыйынтыгында делегаттардын колдоосу менен Абдраимов Нурлан Кутманович шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы  болуп бир добуштан кайра шайланды.