Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарыбыздын сүйүнүчү, кубанычы бизге эбегейсиз чоң дем, күч кошту!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Жайкы эс алуу-2021” өнөктүгү саны жагынан да, сапаты жагынан да өтө уюшкандыкта жана жогорку деңгээлде өткөнүн белгилейбиз. Жайкы эс алууда жамаатыбыз үчүн гана эмес балдарыбыздын да эс алуусуна көмөк көрсөтүлдү. Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан балдардын эс алуусун Арстанбап турбазасында жогорку денгээлде уюштурулгандыгы  учун  ата-энелер аябай  ыраазыбыз. Балдарыбыздын сүйүнүчү, кубанычы бизге эбегейсиз чоң дем, күч кошту. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетине  тармактык кесиптик бирликтин областтык комитети тарабынан бөлүнүп берилген  жолдомо боюнча башка коллегалардын балдарынын катарында менин небелерим Залкар, Шумкар эс алышты. Лагерь аларга аябай жагыптыр. Дагы баргыңар келеби десем, "Ооба" дешет тең жарышып.

Арстанбаптын жаратылышы өзү эле баа жеткис кооз эмеспи. Балдарыбыз аябай жакшы эс алганы ар биринин жүзүнөн көрүнүпп турду. Акыркы күнү  жаңы табышкан досторунан айрыла албай, лагерден кеткилери келбей жатышты. Балдарыбыздын балалык коз ирмемдерине мыкты эсте калчу күндөрдү тартуулагандыгыңыздар үчүн сиздерге терен ыраазыбыз. Мурдагы жылдарга караганда кесиптик бирлик комитети, анын жаңы төрайымы Маткаримова Минавар университеттин кызматкерлеринин эс алуусун жогорку деңгээлде уюштура алды. КРнын Билим жанан илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук комитетине, төрага Токтогулов Асылбек Токтогуловичке, Жалал-Абад облустук комитетке, төрага Исмаилов Абдукахар Араповичке жана университетибиздин кесиптик  бирлик комитетине, төрайым Маткаримоа Минавар Шарабидиновнага терен ыраачылыгыбызды билдиребиз!

 

Маалыматты даярдашкан: ЖАМУнун докторантура жана магистратура бөлүмүнүн башчысы, фил.и.д. Д.Чокоева жана

ЖАМУнун медицина колледжинин директору, б.и.к. А.Эгембердиева