Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарыбыз көңүлдүү эс алышууда!

Айтылуу Арстанбап токою жайдын аптаптуу күндөрүндө  эс алуучу борборго айланаары маалым  эмеспи. “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борбору абасы салкын, суусу таза жаратылышы кооз төрдө жайгашкан.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлигине тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборуна жолдомолор бөлүнүп 23 бала көңүлдүү эс алышууда. 

Аларды 2022-жылдын 25-июль күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова өзү коштоп барып, жайгаштырып келди. Ал жерде борбордун жетекчилиги, тарбиячылар менен жакындан таанышып, балдардын эс алуусун уюштуруу үчүн мүмкүн болгон бардык шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болгондугун билдирди. Балдарыбызга Базар-Коргон районундагы №12 А.Алыкулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Маданбекова Бурулай  тарбиячы болуп, күнү-түнү алардын эсалуусуна кам көрүп, комитет менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин эмгек, эмгекти коргоо, укук жана техникалык коопсуздук боюнча инспектору Айдаров Абдирайим балдар менен жолугушуп, маектешип, кабар алганы, жаш балдарга болгон камкордуктун белгиси катары кабыл алганы үчүн ата-энелердин жана ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин атынан ыраазычылык билдиребиз.

“Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборунун жетекчиси Шамшарбек Шамырбек уулу комитет менен байланышта болуп, балдардын эс алуу программасы боюнча маалымат берип, маданий жүрүштөрдүн маршруту менен кабардар кылып турат. Балдарыбыз көнүлдүү эс алышууда!

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова