Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарыбыз үчүн жыгымдуу шарттар уюштурулган

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин билим берүү кызматкерлеринин балдарын эс алуусу үчүн Жалал-Абад областына бөлүнгөн каражатка 527  жолдомо алынып, Жалал-Абад обкому жана райшааркомдор, окуу жайлар тарабынан балдардын эс алуусун уюштуруу иштери жүргүзүүлүдө. 

2022-жылдын 25-июлунан баштап “Арстанбап-Ата” турбазасынын балдарды ден-соолугун чыңдоочу борборунда Базар-Коргон районунун 81, Сузак районунан 16, Чаткал районунан 23, Көк-Жаңак шаарынан 6, ЖАМУнун кесиптик бирлик уюмунан 19 кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарынын 10 күндүк эс алуусу обком жана райшааркомдор тарабынан уюштурулду.

Борбордо эртең мененки спорттук машыгуулар жолго койулгандыгы балдарга жагымдуу күндү өткөрүүгө өбөлгө түзүүдө. Борбордун ашканасында тамактануу үчүн толук жетиштүү шарттар  түзүлгөн. Балдар үчүн тамактануу шарттары бардык талапка жооп берет. Тамактар менюга жараша даамдуу даярдалып, балдарга абдан жакканын белгилейбиз. Борбордун жамааты тарабынан кызыктуу иш-чаралар, экскурциялар уюштурулуп, балдардын көңүлдүү эс алуулары уюштурулууда. Ар түрдүү аттракциондордо жана бассейнде эс алуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Зоопарктын кызматкерлери балдар үчүн кызыктуу программаларды даярдап концерт тартуулашып турат. Жатаканалары таза абалда кармалып турат. Тарбиячылар тарабынан коопсуздук боюнча инструктаждар өткөрүлгөн.

Обкомдун жооптуу кызматкери А.Айдаров тарбиячылар менен биргеликте балдар менен маектешүү учурунда балдар кубаычтарын батыра албай борбордун жамаатына жана тарбиячылары Талантбек  кызы Аэлита, Маданбекова Бурулай, Матанбаева Гулбара, Адилбек кызы Курманжан, Шабданов Мыктыбек, Шомурат уулу Шамшаттарга ыраазы болушуп, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров