Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарга арналган форум

2023-жылдын 31-мартында  Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен "Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок" аталышындагы форум болуп өттү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерленинин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңишбек Абитов жана билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков форумдун жүрүшүндө билим берүү кызматкерлеринин коомдогу кадыр баркын, укугун коргоо жанабалдарды тарбиялоодогу ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу  сунушун айтты.

Иш-чаранын соңунда  кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзамдардын иштөөсүн күчөтүү, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоо багытындагы меморандум кабыл алынды.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бириликтин Жалал-Абад шаардык комитети