Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусу көӊүлдү отүүдө

Тогуз-Торо районунда балдардын жайкы эс алуусун көӊүлдү  өткөрүү максатында Г. Атамкулованын демилгеси менен 5-июндан баштап  райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулду. Балдарды жайкы эс алуусу эки паток менен өткөрүлүп,  117 бала жайкы лагерге келишти. Ошондой эле райондогу баардык жалпы билим берүүчү орто мектептеринин астында күндүзгү лагерлер уюштурулуп, 350 бала  тартылды. Балдардын жайкы эс алуусун көӊүлдү өткөрүү үчүн атайын кабыл алынган иш чаралардын  негизинде балдарга ыр, бий, сүрөт сынактары жана спорттук мелдештер өткөрүлүп, чыгармачыл, таланттуу балдардын концерттик программалары тартууланды. Районубуздун көрүнүктүү жерлери болгон музей, маданият үйү, китепкана, рух ордо, эс алуу парктарына саякатка чыгышып жакындан тааныш болушту. Балдарды эс алууларына айыл аймактарынын башчылары жана жеке ишкерлер тарабынан чоӊ демөөрчүлүк жардамдар көрсөтүлдү.

 

Тогуз-Торо райком профсоюзу