Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусу-2017

          Жалал-Абад шаарында  балдардын эс алуусун уюштуруу максатында мектептерде  күндүзгү лагерлер түзүлүп, балдар 10 күн бою эс алышты.

         Балдар, мектептердин астында түзүлгөн күндүзгү лагерлерде, атайын түзүлгөн программалардын негизинде жомок угушуп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, видео-фильмдерди көрүшүүдө. Ал гана эмес спорттук жана маданий йиримдер иштеп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүлдү.

         Мектеп администрациялары ата-энелер, демөөрчүлөр  менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар кандай таттууларды, тамак-аштарды уюштурууга жетишти.

         Лагерге катышкан балдардын маанайлары көтөрүлүп, өздөрүнүн кубанычтуу сезимдери менен биз менен бөлүшүштү. Ата-энелер лагерлердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.  

        Мындан  сырткары  Жалал-Абад  шаардык  комитети  тарабынан Кара-Алмада  жайгашкан  «Кара-Алма»  балдар  эс  алуу  борборуна  70 бала  24-июнь күнү жөнөтүлмөкчү.