Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусу-2017

          Ноокен районунда балдардын эс алуусун уюштуруу максатында мектептерде күндүзгү лагерлер түзүлүп, 5-июндан тарта өз ишин баштады. Район боюнча быйылкы жылы 3500 баланы күндүзгү лагерлерде эс алдыруу пландалган.

         Балдар, мектептердин астында түзүлгөн күндүзгү лагерлерде, атайын түзүлгөн программалардын негизинде жомок угушуп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, видео-фильмдерди көрүшүүдө. Ал гана эмес спорттук жана маданий йиримдер иштеп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүлдү.

         Мектеп администрациялары ата-энелер, демөөрчүлөр жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар кандай таттууларды, тамак-аштарды уюштурууга жетишти.

         Балдардын эс алуусу бул менен гана чектелбей, райондук кесиптик бирдик комитети тарабынан Арсланбапка жана Алаш-Ата лагерлерине балдардын эс алуусун уюштуруулуда.

         Лагерге катышкан балдардын маанайлары көтөрүлүп, өздөрүнүн кубанычтуу сезимдери менен биз менен бөлүшүштү. Ата-энелер лагерлердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.  

Улан Уметов

Ноокен райКБК мүчөсү