Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуу сезону башталды

Балдардын ден соолугун чыңдоочу “Алтын бешик” борбору 14-июндан баштап иштеп, 9-14 жаштагы ден соолугун чыңдоону каалаган балдар үчүн эшигин ачты. Бул борбордо Баткен районунда жана Баткен шаарында жайгашкан облустук, райондук жана шаардык мекеме-уюмдарда иштеген эмгекчилердин балдары эс алышат. Борбор 100 орунга эсептелген. Борборго жолдомолор облустук профсоюздар кеңеши тарабынан райондук, шаардык профсоюз уюмдарынын мүчөлөрүнүн санына жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлүп келүүдө.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 53 мектептин  жана 38 балдар бакчаларынын баштапкы уюмдарынан 99 баланы эс алдырууга өтүнүчтөр түшкөн. Облустук профсоюздар кеңешинен 1-агымга 33 жолдомо бөлүндү, өткөн жылы 27 жолдомо тийген. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 33    9-14 жаштагы балдары борбордо эс алууга жөнөтүлдү.

Борбордун жайкы сезонго даярдыгы жөнүндө анын жетекчиси А. Казакова төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Борбор жайкы сезонго кезектеги ремонттон өткөрүлүп, даяр болду. Бүгүн балдарды кабыл алып жатабыз. 1-агымда 100 бала кабыл алынып, 4 топко бөлүнүп эс алышат. Борбор педагогикалы, көмөкчү жана медициналык кызматкерлер менен камсыз болду. Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан ар бир бала үчүн 10 күнгө 3 416 сом каражат бөлүнгөн. Аны туура жана үнөмдүү пайдаланып, балдарды сапаттуу тейлеп эс алдыруу, бардык балдарды коргоочу эрежелерди сактап иштөө ар бир кызматкерге милдеттендирилди. Борбордун 2-агымы 15 күндөн кийин башталмакчы.

Балдарды Баткен шаарында топтоп узатууга кесиптик бирлик кызматкерлери,  педагогдор  жана ата-энелер келишкен. Баткен шаарынан 30 км алыста турган Алмалык капчыгайындагы “Алтын бешик” борборуна балдар тарбиячылардын коштоосунда жөнөп кетишти.

Баткен РПКнын жетектөөчү адиси                                 Б.Абдыразакова