Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын ден-соолугунун коопсуздугун уюштуруу-негизги маселе

                2017-жылдын  16-февралында   бакчалардын  баштапкы   кесиптик  уюмдарынын төрайымдары үчүн Москва  шаарынан  алган  тажрыйбаларынын  негизинде Кочкор-Ата  шаарындгы  №15 «Жомок»  бакчасынын  директору  Сапарова Арзыкандын  демилгеси  менен бакчаларда  балдардын  ден-соолунунун  коопсуздугун уюштуруу  боюнча райондук  семинар  өткөрүлдү. Семинарда  бакчанын  медайымы слайддар   менен маалымат  берди. Маалыматтарды  бакчанын  директору Россиядан  алган тажрыйбасынын  негизинде слайддар   аркылуу жаӊы  материалдар  менен  кошумчалады. Катышуучулардын  суроолоруна  жооптор  берилди. №14 «Нооруз»  бакчасынын  профкому  Айтбаева  Шаазада иш  тажрыйбасы менен  тааныштырды. Бакчанын  тарбичлануучулары катышуучуларга концерт  тартуулады. Семинарды  Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров  жыйынтыктады.

Материалды  даярдаган:  Ноокен райКБКнын  коомдук  тескөөчүсү, №22 «Гулкайыр»  бакчасынын директору   Аджибекова Фарида