Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАЛДАРДЫН «АЛТЫН БАЛАЛЫК», «ЗОРЬКА» ЭС БОРБОРЛОРУНДАГЫ ЖАЙКЫ АЛУУСУ ЖӨНҮНДӨ

          Жалал-Абад  шаарында  балдар жайкы эс алуу мезгилинде  Кара-Алма  аймагында  жайгашкан  «Алтын балалык», Арсланбап өрөөнүндөгү  «Зорька»  эс алуу борборлорунда 1,2,3-агымдарында 10 күн бою эс алып кайтышты.  

        Жалал-Абад  шаардык  комитети  тарабынан Кара-Алмада  жайгашкан  «Алтын балалык»  балдар  эс  алуу  борборуна  24-июнь          күнү 1-агымында 70 бала, 4-июль күнү  2-агымында 29  бала ,               3-агымында  28-июль күнү 50 бала , ал эми «Зорька»  эс алуу борборуна  4-июлда  10 бала,14-июль күнү  9 бала, 12-июль күнү «Келечек» эс алуу лагерине  5 , жалпы  173  бала жөнөтүлдү. 

         2017-жылдын 19-июль күнү  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Абдрашев, кадрлар бөлүмүнүн башчысы М.Абдираимов, борборлоштурулган бухгалтериянын башкы бухгалтери С.Саттаровдор «Алтын балалык» эс алуу борборунун иштөө тартиби, шарттары менен таанышып келишти. Балдарга  эс алуу борборунда атайын түзүлгөн программалардын негизинде жомок угушуп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, видео-фильмдер көрсөтүлүп турат. Ошондой эле, спорттук  жана маданий ийримдер иштеп, балдардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүлгөн. Балдар келген конокторго өздөрүнүн концерттик программасын  тартуулашты.  Лагерге катышкан балдардын маанайлары көтөрүлүп, өздөрүнүн кубанычтуу сезимдери  менен бөлүшүштү. Концерттин соӊунда коноктор лагерлердин уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.  

        

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

 профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети