Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын кубанычы

Аксы районунда 1-марттан баштап мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишке киришти. Бала бакчалардын иштебегенине жыл айланды. Дүйнөнү каптаган вирус биздин өлкөгө да келди. Балдардын күлкүсү толгон бакчалардын эшиктери жабылды. Мына бүгүн бөбөктөр кубанышып, эжекелерин сагынып бакчага келишти. Ар бир ата-эне балдарынын өздүк гигиенасын сактап, эрежеге таянып, маска, антисептик менен келишти. Балдардын коопсуздугу үчүн тайпаларда маска, антисептик, нымдуу арчыгычтар бар. Медициналык кароодон өткөрүп, тактамалар менен балдарды алып жатышты. №18 "Арча бешик" мчбб уюму да эрежелерге таянып иш алып барышты.

 

 

Материалды даярдаган Наргиза Тотоева