Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Балдардын коопсуздугун сактайлы!» темасындагы облустук профсоюздук тегерек стол өткөрүлдү

                Билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук комитетинин  иш  планына ылайык “Балдардын  коопсуздугун  сактайлы!” темасында Жалал-Абад шаардык комитетинин базасында  №3 Ж.Бакиев атындагы  орто  мектебинде облустук  профсоюздук тегерек  стол 2018-жылдын  11-февралында өткөрүлдү.          

            Иш-чарага обкомдун  жооптуу  кызматкерлери, облустун райшааркомдорунун  төрагалары, укук коргоо,  саламаттыкты  сактоо, социалдык  коргоо,өзгөчө  кырдаалдар жана өрт коопсуздугун  сактоо, билим  берүү  башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп  директорлору, директор  орун  басарлары,  соцпедагогдор, баштапкы профсоюздук уюмдардын жетекчилери катышышты.

      Тегерек  столдун  башталышында катышуучулар мектептин окуу  кабинеттериндеги  коопсуздукту камсыздоо  үчүн инструкцияларды, жоболорду, атайын стенддер  жана  мектептин фоесинде уюштурулган коопсуздуту камсыздоону багыттары боюнча көргөзмө  материалдары менен таанышышты.

     Иш-чарада  Жалал-Абад  шааркомунун төрагасы  К.Акунов  келген  меймандар менен  тааныштырып,тегерек  столду ачүү  үчүн сөздү обкомдун  төрагсы  А.Исмаиловко берди. Төрага иш-чаранын  максат  жана  милдеттерине токтолуп, каалоолорун  билдирди. Каалооларды шаарБББнын  орун  басары А.Абдрашев уланты.

Иш-чарада төмөнкүлөр   билдирүүлөр  жасашты.

1.”Балдардын  коопсуздугун камсыздоодогу  мыйзамдардын  сакталышы” темасында шаардын прокурорунун  орун  басары-Айтбаев С.С.

2.”Коопсуздуктун  камсыздоодогу ички  иштер органдарынын ишмердүүлүктөрү”  темасында- ШИИБ башчысынын  орун  басары-милициянын  подполковниги-Ташбаев  М.А.

3.”Коопсуздукту  камсыз  кылуудагы  дарыгерлердын  ролу”- шаардык ҮДТнын  дарыгеры-Махмудов А.

4.”Балдарды  коргоо-бардыгыбыздын  милдетибиз” темасында шаардык Социалдык өнүгү башкармалыгынын  кызматкери- Жалилова Б.

5.”Өзгөчө  кырдаалдарда коопсуздукту  камсыздоо” темасында шаардык Өзгөчө  кырдалдар бөлүмүнүн өрткө каршы жана алдын  алуу бөлүмчөсүнүн башчысы-майор Шекенов Ч.

6.Балдардын коопсуздугун  сактоо боюнча  мектептин жамаатынын  жургузуп  жаткан  иштери жөнүндө- мектептин  директору-Касымбекова Д.

7.Жалал-Абад шаардык  билим берүү бөлүмү тарабынын  балдарды  коопсуздугун  камсыздоо  боюнча аткарылып  жаткан  иштер  жана  милдеттер  жөнүндө-ШБББнын  башкы  адиси Маданова  А.

         Билим берүүдөгү  көйгөйлөр жана  алардын чечүү  жөнүдөгү  сунуштар форум-театрдын  катышуучулары тарабынан көрсөтүлдү.

Тегерек  столдун материалдарын талкууда төмөнкүлөр ой-пикир  жана  баалуу  сунуштары менен  катышышты:

Исраилов Т-Токтогул РКнын  төрагасы, Нышанов К-Ноокен РКнын  төрагасы,Дурусалиев Ж-Ала-Бука РКнын  төрагасы,Камчыбеков С-Аксы РКнын  төрагасы, Т.Сулайманова-Жалал-Абад шаарынын №9 Р.Санатбаев атындагы орто  мектебинин  баштапкы  профсоюздук  уюмунун  төрайымы

  Иш-чарада  сунуштардын негизиинде  резолюция  кабыл   алынды.

             Тегерек  столду обкомдун төрагасы  А.Исмаилов жыйынтыктап,  билдирүүлөр жасашкандарга,    активдүү  катышкандарга, уюштурууга   жакындан көмөк  көрсөткөндөргө  ыраазычылык  билдирип, иштеринде  ийгиликтерди  каалады. Мектептин   жамаатына “Ыраазычылык  кат”  жана  атайын  белек тапшырылды.

Материалды даярдаган:Жалал-Абад  обкомунун  инспектору-А.Айдаров.