Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Балдардын коопсуздугун камсыздайлы!» темасындагы райондук иш-чара өткөрүлдү

                  2018-жылдын  13-апрелинде Ноокен  районундагы    №29  Я.Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин базасында  балдардын   коопсуздугун  камсыздоонун  иш-чараларынын  алкагында “Жаш  жол  коопсуздугун  инспекторлору”  райондук  кароо-сынагы  өткөрулдү. Анда  райондун  мектептеринен аймактар  боюнча  жеңүүчүлөр  болгон  9  команда: №30,№29,№13,№10,№6,№16, №14,№18,№40   катышты.

         Иш-чарада райИИБнун жол  коопсуздугунун  камсыздоо  бөлүмчөсүнөн  милициянын  ага   лейтенанты  Ташкараев  Кадырбек Көчкөнбаевич, Масы  балдар   чыгармачылык үйүнүн  директору Анара  Дарманкулова, Кочкор-Ата  балдар   чыгармачылык үйүнүн  директору  Куляш  Мундузбаевалар калыстык кылып, балдардын  билимдерин  жана  даярдыктарын  баалашты.

       Жыйынтыгында  1-орун №10,2-орун №16,№40, 3-орун №13 мектептердин  командалары жеңүүчүлөр  болушуп, №6- “Мыкты  форма”, №29,№14- “Активдүү  катышкандыгы  үчүн”, №18-“Мыкты  дубал гезити”, №30- “Мыкты  капитан” номинацияларына  татыктуу  деп  табылды. Женүүчүлөр райБББ, РайКБК, РайИИБнүн дипломдору  жана  белектери  менен  сыйланышты.

 

Материалды  даярдаган:

Ноокен  районунун №29 Я.Мирзаходжаев  атындагы  орто  мекетебинин  профсоюздук  уюмунун  төрайымы-  Динара  Закирова.