Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын эс алуусуна старт берилди

2018-жылдын 23-июну күнү  ЖАМУнун, Сузак, Ноокен райондорунун билим берүү кызматкерлеринин 70 баласы Базар-Коргон  районунун Арстанбап  айыл аймагындагы “Зорька” балдардын эс алуу борборуна жөнөтүлдү.

Жалал-Абад обкомунун президиумунун токтомуна  ылайык,  балдарды жеткирүү жана алып келүү каражаттары жана коопсуздук боюнча жоопкерчилиги райшааркомдордун төрагаларына милдеттендирилген.

Балдарды жөнөтүү алдында жыйналыш өткөрүлүп, анда Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров 2018-жылдан тармактык профсоюздун мүчөлөрүнүн балдарын эс алуусун каржылоо жана жетекчилик Борбордук Комитеттин  көзөмөлүнө жана жетекчилигине  өткөндүгүн белгилеп, коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Балдарын  узатып келген ата-энелер тарабынан билим берүү жана илим профсоюзунун республикалык, облустук, райшаардык  жетекчилерине  ыраазычылыктар билдирилди.

Сузак райкомунун төрагасы  А.Орозалиев, ЖАМУнун профсоюздук комитетинин төрагасы К.Болотбеков балдарга ак жол тилеп, жемиштуу жакшы эс алууну каалашты.

Материалды даярдаган: А.Айдаров- Жалал-Абад обкомунун инспектору.