Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Балдарды коргоо күнү Жалал-Абад шаарында»

2018-жыл «Региондорду өнүктүрүү » жылына карата 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган балдарга «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун таланттуу балдары концерттик программа ыр, бийлерин тартуулашты. «Ариет» БЧБнун «Колобок» жанга «Теремок» жомогу тартууланды.

Концертке Жалал-Абад шаарынын вице мэри Р.Алтымышов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов катышышты.

Майрам урматына балдарга акысыз балмуздактар, шириндиктер жана оюнчуктар таратылды.

Маалыматты даярдаган билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюгча адиси М.Мамасыдыков.