Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар эс алуусун көңүлдүү өткөрүштү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитети тарабынан балдардын жайкы эс алуусу уюштурулуп "Сары- Челек" эс алуу борборунда коңүлдүү эс алып кайтышты. Балдардын жайкы эс алуусуна кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдары жөнөтүлдү. Лагерге жолдомо берүүдө төмөнкүдөй шарттар каралып. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, үй-бүлөдө ДЦП майыптыгы бар, көп балалуу кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарына жолдомолор бөлүштүрүлдү. Балдардын эс алуу учурунда ар кандай оюн-зоок, ыр, бий, сүрөт секциялары уюштурулуп, кароо-сынактар өткөрүлүп, активдүү катышкан балдарга баалуу белектер менен тапшырылды. Ошол эле учурда  Сары- Челек көлүнө саякатка барып ал жердин кооздугуна суктанып жаратылышы менен таанышып кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин инспектору М.Омурбекова