Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар үчүн жайкы эс алуу лагерлери уюштурулду

2019-жылдын 9-июлдан баштап Аксы районунун илим жана билим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан,  кесип бирлик мүчөлөрүнүн балдары үчүн Сары -Челек көлүнө лагер уюштурулду.  Лагерге социалдык жардамга муктаж, жарым же толук жетим, көп балалуу кесип бирлик мүчөлөрүнүн балдары жолдомо алышты. Лагер 29-июндан баштап 1-топ барып эс алып келишти. Жаратылыш койнунда эс алууга не жетсин. Балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурушуп, жакшы эс алууга шарт түзүү үчүн тарбиячылар иштешет. Ар бир балага коопсуздук түшүндүрүлүп, күзөт кызматы коопсуздукту көзөмөлдөдү.


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева