Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдар бакчасы ишке берилди.

Базар-Коргон  районунун Кеңеш айыл аймагынын Суу башы айылында,   биздин келечек муундарыбыз болгон жаш жеткинчек бөбөктөрүбүз үчүн  жаңы  №39 “Акылай” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемеси  2020- жылдын 31- август күнү ачылып,  ишке берилди. Балдар бакчасы  республикалык бюджет тарабынан каржыланып,  50 орундуу.  Элеттик элдердин муктаждыгы орундалды. Бул күндү күндөп- түндөп күтүп келишкен. Мына бүгүнкү күндө ата-энелердин жерден издегени көктөн  түшкөндөй  болуп  сүйүнүшүп,  кубанычка бөлөнүштү. Себеби мектепке чейинки мекемелер, балдар бакчалары алыс болгондуктан ыңгайсыздык жаратып келген. Азыр учурда айыл эли, анын ичинен  билим берүү кызматкерлери, мугалимдер  балдарын  жакын болуп,  жаңы ачылган балдар бакчасына берип, убакыттарын текке кетирбей калышат. Балдар бакчасынын ачылышына Базар-Коргон  райондук мамлекеттик администрация,   райондук билим берүү бөлүмү,  Кенеш айыл аймагы, жогорку кенештин депутаты А.А.Алтынбеков, ошондой эле ата- энелер   чоң  көмөк көрсөтүштү. №39 “Акылай” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин ачылышына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.С.Козуев, аппарат мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  айыл  эли жана  меймандар катышып, жаңы балдар бакчасынын ишке берилиши  менен   куттукташып,  калоо-тилектерин айтышты. Жаңы балдар бакчасынын ачылышы менен   Базар-Коргон райондук  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюз мүчөлөрүнүн катары  көбөйдү.  Базар-Коргон    райкомдун төрагасы  С.  Жаркынбаев        бала бакча кызматкерлерин    балдар бакчасынын ачылышы менен куттуктап, профсоюз комитетинин  мүчөлүлүгүнө кабыл алынгандыгын   билдирип  балдар бакчанын  жамаатына ийгиликтерди каалады. Балдар бакчасынын коллективи  бала бакчада иш баштоо менен, балдарды сүйүп, тарбиялап, өз камкордуктарына  алуу менен алдыга карай көптөгөн ийгиликтерге жетишүүнү сүйлөшүп,  келечеке жакшы  максат  коюуп жаткандыктарын айтышты. Ошондой эле бала бакча коллективи келген меймандарга жана  жардам, көмөк көрсөтүшкөн жарандарга ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов