Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балалык мага жылмаят

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Үметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде мектеп жетекчилиги менен бирге кесип бирлигинин колдоосу астында балдарды колдоо жылынын алкагында  «Балалык мага жылмаят» деген темада таланттуу балдардын конкурсу өткөрүлдү. 2020-жылдын таланттуу окуучусу болуп, 3- классынын окуучусу Токсонбаев Нурмухаммед  табылды. Класс жетекчиси Ж.Калчороеванын билдирүүсүндө бул баланын шыгы көптөн бери байкалып, пластилинден түрдүү нерсе жасай аларын белгилеген.Ата-энеси , мектеп жетекчилиги жана кесип бирлигинин колдоосу менен жазгы убак райондук деӊгээлде көргөзмө уюштуруу макулдашылды.