Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Бала бакчалардын ынтымагы"

Үстүбүздөгү жылдын 2-март күнү 2019-Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата "Мырзайым" жана "Акжолтой" мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ортосунда "Ынтымакта өнүгүүгө оболго, ортодогу "достук" деген көпүрө" аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Иш чарага эки бала бакчанын жамааты, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.  Бала бакчалардын кызматкерлеринен куралган эки топ ураан айтуу, воллейбол, секирүү, кар үстүндө жылгаяк тебүү, аркан тартуу, мээлеп уруп, кегляны уруп жыгуу шарттары менен мелдешишти.

Жыйынтыгында 10:10 упай менен бирдей болушту. Ынтымакты, достукту, биримдикти көздөгөн мелдеш максатына жетти. Иш чаранын катышуучулары уюштурган "Акжолтой" балдар бакчасынын директору Файзуллаева Раат Файзуллаевнага жогорку деӊгээлдеги уюштуруучулугун баалап, тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

Мелдешке атайын балдар үчүн оюнчуктарды белекке алып келген "Инсан-Лейлек" Коомдук фондунун директору Гульнара Дербишевага иштерине ийгилик каалашты.


---------------

Даярдаган:
Марина Сагалиева