Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчалар мелдеши

Ат-Башы райондук Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети 2018-жылдын 3-мартында Райондогу бала бакчалардын тарбиячыларынын арасында Аялдардын эл аралык күнү 8-мартка карата волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Райондогу бала бакчалардан 18 команда ат салышты. Мелдеш 2 этапта өттү. Баардык бала бакчалар эки группага бөлүнүп оюн көргөзүштү эки группадан чыккан жеӊүүчүлөр 2-финалдык турга чыгышты.

 Мелдеш курч деӊгээлде өттү. Финалдык турда 4команда ат салышып.

1-орунга Казыбек Жеткинчек бала бакчасы

2-орунга 1-май Богошту бала бакчасы

3-орун  А.Шадыбеков бала бакчасы

 

1-2-3 орунду алган командалар кубок, дипломдор жана баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мыкты оюн көргөзүп активдүү катышкан тарбиячылар диплом жана баалуу белектерди алышты.