Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчадагы семинар ийгиликтүү өттү

Жакында Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы «Ынтымак» бала бакчасында райондун бала бакча башчыларынын семинары болуп өттү. Уюштурулган семинардын негизги темалары болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс байланышта иштешүүнүн жолдору жана тарбиялануучуларды туура тамактандыруунун шарттары жөнүндө тажрыйба алмашуу, пикир алышуу жана аталган бала бакчадагы жетишилген ийгиликтер жөнүндө кеӊири сөз болду.

Бала бакча башчысы Анара Мамбетова жана профсоюздук уюмдун төрайымы Бактыгүл Асанбаева  айыл өкмөтү, айылдык кеӊештин депутаттары менен үч тараптуу келишимдин негизинде турмушка ашырылып жаткан иш чаралар жөнүндө кеӊири маалымат беришти. Андан соӊ бала бакчанын тарбиячылары тарабынан жаш жеткинчектер менен иш алып баруу боюнча көрсөтмө саат өткөрүштү.

Семинардын үчүнчү бөлүгүндө бала бакчада тарбия алып жаткан балдарды туура тамактандыруу маселеси кандай жол менен турмушка ашырылып жаткандыгын кеӊири айтып, көрсөтүп беришти.

Семинардын катышуучулары да бул иш чарага активдүү катышышып, өз ой пикирлерин ортого салышты.Семинарга Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да катышышты.

 

 

Жибек Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.