Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакчабыз өнүгүү жолунда

Жакында Ак-Суу  районунун  Кара-Жал  айыл  аймагындагы  Боз-Булуң  айылындагы   “Мектепке  чейинки  балдарга  билим  берүү  жеткиликтүүлүгүн  камсыздоо”   менен  билим  берүү  кызматын    жакшыртууга  багытталган    “Келечек”   бала     бакчасынын   кошумча  имаратынын     ачылышы болуп, ага Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл  областындагы  ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн   апарат жетекчиси   Эсенгул  уулу  Улан,  Ак-Суу     районунун    мамлекеттик  администрациясынын   башчысы Улан Дөкөнбаев, Швейцария  мамлекетинин “Жергиликтүү деңгээлде  кызмат  көрсөтүүлөрдү  жакшыртуу  долбоорунун “ өкүлү  Лидия  Будисса айым, “Жергиликтүү деңгээлде  кызмат  көрсөтүүлөрдү  жакшыртуу”  долбоорунун  Кыргызстандагы директору  Асел  Мамбетова  айым, Ак-Суу  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысынын орун басары Анарбек Шамиев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Эсен Садабаев жана  айыл тургундарынын  катышуусу  менен өткөрүлдү.

 “Келечек”  бала   бакчасы 1990-жылы курулуп, 1991-жылы  ишке  киргизилген, бирок, финансылык жактан колдоонун жоктугунун  негизинде 1994-жылы бала  бакчада  иш  токтотулган.   “Келечек”    бала  бакчасы кайрадан 2009-жылы   ишке  киргизилип Түрк  кызматташтык  агенттигинин колдоосу   менен   2млн 300мин  сом  акча  каражатына   капиталдык  ремонт   иштери  жүргүзүлгөн. 

Бүгүнкү  күндө бала  бакчага  кошумча  тайпа  ачылып  60 бала  билим-тарбия  алууда. Швейцариянын  өнүктүрүү  жана  кызматташтык  агенттиги  тарабынан  каржыланган   “Жергиликтүү   деңгээлде   кызмат  көрсөтүүлөрдү   жакшыртуу”   долбоорунун   колдоосу   менен  4 млн сом, Ысык-Көл  Өнүктүрүү  фондунан  2млн беш  жүз мин сом  акча  каражаты  бөлүнүп бүгүнкү  күндө    бала  бакчага жалпы  6 млн 520 миң сом  акча  каражатына   кошумча  имарат  курулуп,  көп  жылдан  берки  көйгөйүбуз  чечилип  биздин айыл  кубанычка  бөлөнүп  турган  учурубуз. Себеби  Швецария  мамлекетинин колдоосу  менен    бүгүнкү   күндө Боз-Булуң  айылынын   кезекте  турган  мектеп  жашына  чейинки  балдарыбызга  билим  тарбия  берүүгө  шарт  түзүлүп  20 бала  бала  бакчага кошумча кабыл  алынды  жана  3 кызматкер  иш менен  камсыз  болду.  Ошону  менен  бирге  мектепке чейинки  мүмкүнчүлүгү   чектелген   балдарга   да   инклюзивдик  билим   берүү   программасы  пландаштырылып  мындан  ары    иш  алып  баруу алдында  турабыз.   Швейцария мамлекетинин  өнүктүрүү  жана  кызматташтык  агентиги  тарабынан  каржыланган   “Жергиликтүү   деңгээлде   кызмат  көрсөтүүлөрдү   жакшыртуу”   долбооруна    “Келечек”  бала    бакчасынын   жалпы    жааматынын  атынан жана “Келечек”  бала  бакчасында    билим-тарбия  алып  жаткан балдардын атынан терең ыраазычылык билдирүү  менен,  бар  күчүбүздү  балдарга  арнап, келечекте  коомдун  бардык тармагына  пайдасы  тийген  инсандарды   тарбиялоо аракетин көрмөкчүбүз.

                        

  Венера Джумабаева,

“Келечек”  бала бакчасынын  директору.Ак-Суу району.