Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бала бакча маселеси боюнча семинар

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Нарын райондук комитети тарбынан 2021-жылдын 28-сентябрында "Ченемдик-укуктук актылардын колдонулушу" деген темада бала бакчалардын жетекчилери үчүн семинар өткөрдү. Семинар эки бөлүк менен өттү. Биринчи бөлүгүндө ченемдик-укуктук актыларды күнүмдүк жумушта практикалык жактан колдонуу жөнүндө болду. Бул маселе талкуу менен коштолду, көптөгөн суроолорго жооп берилди. Экинчи бөлүгүндө  экотехинсекциянын кызматкери Ж.Чобиева баяндама жасады, бала бакча жетекчилеринин каралган маселе боюнча суроолоруна жооп берди. Бала бакчанын жетекчилери абдан кызыгуу менен талкуу кылышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты. Ар бир берилген суроолорго жооп алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Нарын райондук КБКнын төрагасы М.Курманкожоев