Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бакай-Ата району

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бакай-Ата райондук комитетинин маалыматы.

 

       Биздин райондо 20 орто, 2 толук эмес орто мектеп жана 16 бала бакчасы бар. Мектептерде 8 апрельден тартып республиканын башка мектептериндей эле тортүнчү чейрек онлайн режиминде башталды. Мугалимдер сабак берген класстарында группаларды ачышып, телесабактарды балдар менен бирге көрүшүп , кайрадан кайтарым байланыштарды жасап жатышат. Окуусулар ООО Нур Телекомпаниясынын  "Окуучу" тарифи, мугалимдер ушул компаниянынын "Мугалим-200" жана Мегаком компаниясынын "Мега-24" тарифтери менен камсыздалышып эки ай бою акысыз байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мугалимдердин окуучулар менен иш алып баруусу мектеп администрациясы тарабынан көзөмөлгө алынып, райондук билим берүү бөлүмүнө маалымат берилип турат.

      Кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан карантинге байланыштуу 2020 жылдын 1-2 апрелинде мектептердин жана бала бакчалардын турмуш-шарты оор деп саналган кызматкерлерине акчалай материалдык жардам берилди. Тагыраак айтканда 52 кызматкерге ар бирине 3000 сомдон, жалпысы 156000 сом берилди. Алар профсоюздун дарегине зор ыраазычылыктарын билдиришти.