Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу менен окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берилүүдө.

   Байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу менен окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берилүүдө.

    Ноокен районунда жалпы 54 мектеп, 46 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар. Учурдагы түзүлгөн убактылуу кырдаалга байланыштуу бардык мектептерде жана балдар бакчаларында аралыктан окутуу иштери менен байланышкан методикалык жана техникалык уюштуруу иштери жүргүзүлдү.

    Билим берүү министринин педагогдорго, ата–энелерге жазылган каттары, “Баластан” каналындагы атайын видеосабактардын жадыбалдарынын графиги жана эрежелери, мугалимдерге жана ата-энелерге жеткирилди. Учурдагы кырдаалга жараша технологияны жакшы билген мугалимдер, тарбиячылар, жетекчилер ZOOM тиркемеси , WHATSAPP аркылуу башка тарбиячыларды үйрөтүшүп балдарга аралыктан билим берүү толугу менен жүрүүдө.

    Аралыктан окуу балдар жана ата-энелер тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. Мугалимдер жаңычыл аракетин көрсөтүшүп, видео сабактарды даярдап, ата-энелерге жана балдарга атайын ачылган WHATSAPP группалары аркылуу жөнөтүп жатышат. Жетекчилер мугалимдер менен пландаштыруу, талкуу, пикир алышуу иштерин жүргүзүүдө ZOOM жана WHATSAPP тиркемелерин пайдаланып жатышат.