Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баатыр кесиптештерибизге таазим!

      «2017-жыл тармакта адептүүлүк  жана  укуктук  маданиятты  жогорлатуу  жылы» иш- чараларынын  алкагында  жана  9-май -Улуу  Жеӊиш  майрамынын  72-жылдыгына  карата 4-май  күнү  Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагындагы Чернобыль  жана  Баткен  окуяларынын  катышуучулары менен майрамдык азем болуп  өттү. Аземге №15  Семетей  атындагы  орто  мектебинин  директору,  Чернобылчы  Арапбаев  Бакыт, №13 Рахманжан  атындагы  орто  мектебинин аскерге  даярдоо  сабагынын   мугалими, Баткенчи Осмонов  Токтомурат, №19  Казаков  атындагы  орто  мектебинин  химия  мугалими, Баткенчи Хусанов  Кудратилла, Кочкор-Ата  спорт  мектебинин директору, Чернобыльчы Усманов  Алишер агайлар катышышты. Иш-чараны райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов  ачып,  меймандады  алдындагы  майрамдар  менен  куттуктап,  аларга  жакшы  кааллолорун  билдирип, майрамдык   белектерин  тапшырды. Аземдин  сыйлуу  коноктору билим  берүү  тармагында  адептүүлүк,  патриоттуулук  боюнча жүргүзүп  жаткан  иштерин дагыда  өркүндөтүп  өздөрүнүн таалим-тарбия  ишине  чоӊ  салымдарын  кошотургандыгын белгилешип, райБББ  менен  райКБКне ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды даярдаган:Ноокен райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.