Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баатыр кесиптештерибизге таазим!

     9-май - Улуу  Жеңиш  майрамынын  73  жылдыгына  карата 8-май  күнү  Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагындагы Чернобыль  жана  Баткен  окуяларынын  катышуучулары менен майрамдык азем болуп  өттү. Аземге Чернобыль кырсыгынын катышуучулары №15  Семетей  атындагы  орто  мектебинин  директору Арапбаев  Бакыт,  Кочкор-Ата  спорт  мектебинин директору  Усманов  Алишер, баткенчилер №13 Рахманжан  атындагы  орто  мектебинин аскерге чейинки даярдык  сабагынын   мугалими  Осмонов  Токтомурат, №19  Казаков  атындагы  орто  мектебинин  химия  мугалими Хусанов  Кудратилла агайлар катышышты.  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев жана профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы  К. Нышанов  меймандарды  алдыдагы  майрамдары  менен  куттуктап,  аларга  жакшы  каалоолорун  билдиришип, майрамдык  белектер тапшырылды. Аземдин  сыйлуу  коноктору өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган: Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров