Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баатыр кесиптештерибиздин эрдиктери унутулбайт

Баатыр кесиптештерибиздин эрдиктери унутулбайт.

     9-май Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата 8-май күнү Ноокен районунун билим берүү тармагындагы Афган согушунун, Чернобыль жана Баткен окуяларынын катышуучуларын куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.

     Анда Чернобыль окуясынын катышуучулары №15 Семетей атындагы орто мектебинин директору Арапбаев Бакыт, Кочкор-Ата спорт мектебинин директору Усманов Алишер, баткенчилер №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Осмонов Токтосун, №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин АЧД мугалими Чолпонов Хайдаралы, №34 “Жазгак” АЧД мугалими Мамадалиев Медербек агайлар катышышты.

     Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Олжобаев жана профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов меймандарды алдыдагы майрамдары менен куттуктап, аларга жакшы каалоолорун билдиришип, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

     Аземдин сыйлуу коноктору профсоюз тарабынан ар жыл сайын унутулбай уюштурулуп, көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров