Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Азаттык” радиосунун кабарчылары ОГПИде

Бүгүн 6-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева, башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу жана Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдор менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу 7-ноябрь Кыргызстанда Улуттук басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, анда коноктор өздөрүнүн ары жооптуу, ары кооптуу болгон журналистика дүйнөсүндөгү кызыктуу турмуштары жөнүндө сөз кылуу менен бул тармактын ачуу-таттуусун, коомдогу орду эбегейсиз экендигин катышуучуларга маалымдашты. Мындан тышкары жаштар менен ийгилик жаратуу, кесипкөйлүк, билим алуунун актуалдуулугу жана келечек ээлери боло турган жаштардын абалы тууралуу ой бөлүшүшүп, студенттерге өздөрүнүн кеп-кеңештерин беришти.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан бир топ суроолор берилип, сөз баккан, сөз таптаган, сөз кадырлаган журналистика тармагын аркалаган кесип ээлери, кызыктуу, маанилүү жоопторду берип өтүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев конокторго ыраазычык билдирүү менен аларды келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктап, институттун символикалуу белектерин тапшырды.

 

Материалды даярдаган Жылкычы у.К.