Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Август конференциясы болуп өттү

2017-жылдын  23-август күнү  Кочкор-Ата шаардык маданият үйүндө Ноокен райондук  билим берүү кызматкерлеринин   август конференциясы болуп өттү.  Конференцияга Ноокен райондук билим берүү тармагынын жетекчилери,  райондун алдыӊкы  мугалимдери, айыл өкмөт башчылары, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын  биринчи орунбасары, ички иштер кызматкерлери катышышты.

         Бул конференция жылдагыдан өзгөчө болуп өттү. Анткени Ноокен райондук билим берүү бөлүмү областта, республикада ар тараптуу жакшы көрсөткүчтөрдү берип алдыъкы орунга ээ болду.

         Конференциянын биринчи бөлүгү   таланттуу мугалимдердин концерттик программасы менен башталды.  Ошондой эле, агартуу тармагынын кызматкерлерин  балдар бакчаларынын тарбиялануучулары да куттукташты.

         Экинчи бөлүгү Кыргыз Республикасынын ГИМНи менен башталды.  Жаӊы окуу жылында агартуу тармагынын кызматкерлеринин катарын толуктаган жаш адистер сахнага чыгышты. Алар өздөрүнүн алгачкы кадамдарын  таштап жатып, чын дили менен иштеп, коомго, мамлекетке пайдалуу инсандарды окутуп-тарбиялоого ант беришти.

Андан кийин сөз Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыковичке берилди. Ал өз сөзүндө мугалимдерди  бүгүнкү майрам менен, жаӊы окуу жылынын башталышы жана алдыдагы катар келген майрамдар менен куттуктады. Областта, республикада жетишкен ийгиликтер, өткөн окуу жылында  ээ болгон жетишкендиктер жөнүндө айтып, ошону менен бирге ушул ийгиликтерге жетишүүгө салым кошкон мугалимдерди, окуучуларды атап өттү. Сөзүнүн акырында быйылкы окуу жылында алдыга коюлган максаттарга токтолуп,  жаъы окуу жылында мугалимдерге ийгилик каалады.

Мугалимдерди бүгүнкү майрамы, алдыда келе жаткан майрамдары менен куттуктап, сөздү  Ноокен райондук  кесиптик бирлигинин  төрагасы  Нышанов Кубанычбек Калдарович улады.  Ал кесиптик бирликте  жетишкен ийгиликтер, алдыӊкы мугалимдерди эс алдыруунун уюштурулушу,  санаторийлерге жана пансионаттарга, курортторго жолдонмолордун берилиши, окуучулардын эс алуусу бир топ жогорку деӊгээлде жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

         Андан ары сёз  келген конокторго берилди. Алар да мугалимдерге  ак тилектерин айтышып, иштерине ийгилик каалашты.

         Билим берүү тармагында жигердүү эмгектенген ардагер мугалимдерге  Ноокен райондук «Билим берүүнүн Ардагери» төш белгиси  тапшырылды.  Жыл жыйынтыгы менен  алдыъкы орундарды ээлеген мектептерге жана бала бакчаларга белектер  тапшырылды.  Мектептер арасында  3-орунга  №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектеби,  2-орунга №6 Арал орто мектеби, 1-орунга №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектеби ээ болду. Ал эми бакчалар арасында  3-орунга «Алтын уя» балдар бакчасы, 2-орунга «Ак кайын» балдар бакчасы, 1-орунга  №22 «Гулкайыр» балдар бакчасы ээ болду.

         Сөз кезеги  областтык «Жыл мугалими-2016» кароо-сынагынын  ГранПРИнин ээси Уметов Уланга берилип, ал мугалимдик кесиптин азыркы учурдагы талаптары жөнүндө, коомго пайдалуу инсанды окутуп-тарбиялоодо  мугалимдин азыркы заманбап технологияларды пайдалануусу,  заман талабына ылайык изилденщщ менен иштөөсү жөнүндө айтып өттү.

         Август конференциясында  алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда мугалимдер бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып бардык кщчщн аянбастан аракет кылышат деген ойдомун.

Даярдаган: Тагаева Нургүл Закиралиевна -№16 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы,  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүсү,  «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги»