Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоочулар – сыймыгыбыз!

    ЖАМУда Ооган согушунун алты ардагери жана Баткен коогалаӊынын бир ардагери жаштарга билим-тарбия берүү менен үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Алар К.Ж,Усенов- т.и.д., ЖАМУнун ректору, Ш.Ш.Нурдинов-б.и.к.,доцент , К.Сабиров -“Кызыл жылдыз” орденинин ээси, окутуучу, А.О.Шерматов-улук окутуучу, М.Мамытов-окутуучу, Р.Сарымсаков – кенже кызматкер жана подполконик Эшбаев А.А.-окутуучу. Ардагерлердин өмүрү  келечек ээлерине үлгү.

     ЖАМУнун  Жалал-Абад колледжинде 14-февраль күнү колледждин жетекчилиги жана баштапкы профсоюз уюмунун  уюштуруусу менен  ардагерлер менен студенттердин жолугушуусу болду. Анда ардагерлер согуштун апаат күндөрүн эскерүү менен жаштарга акыл-насааттарын айтышты.Студенттер Ооган согушу тууралуу кыскача докладдарды окушуп, суроо-жооптор менен аӊгемелешүү кызыктуу болду. Куттуктоо сөздөр айтылып, белектер талшырылып, ЖАМУнун профкомунун эсебинен акчалай материалдык колдоо көрсөтүлдү. Ардагерлер биздин сыймыгыбыз!

Даярдаган Н.Баитова