Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган турнир

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош Мамлекеттик социалдык Университетинин профсоюз комитети университетте иштеген мырза кызматкерлердин арасында бильярд боюнча IV ачык турнир өткөрдү. Бул турнир 23.02.2013 күнү Ош шаарындагы «Гранд» бильярд клубунда уюштурулду. Мелдешке ОшМСУнун факультет бөлүмдөрүнөн 16 мырза катышты.

Мелдешти уюштуруунун максаты – профсоюз мүчөлөрүнүн ден-соолуктарын чыёдоо, ынтымакчылыкты күчөтүү, сергек жашоону пропагандалоо болуп эсептелет.

Мелдешти ОшМСУнун профком төрагасы, м.и.к., Ч. Мамажакып уулу ачып, катышуучуларды кирип келген майрамы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду – ОшМСУнун экономика боюнча проректору А. Борбоев, 2-орунду – ФМФнын деканы  А. Зулпукаров, 3-орунду – КЭФтин окутуучусу А. Тургунов, 4-орунду – ИТФтин кафедра башчысы С. Султановдор ээлешти.

Жеёүүчүлөргө профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды, ал эми калган катышуучуларга жана күйөрмандарга түшкү сый-тамак уюштурулду.

Турнирге ОшМСУнун ректору, т.и.д., профессор И. Г. Кенжаев да келип, жеёүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды.