Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ата кесибин улантып.

Жаш келсе ишке,кары келсе ашка демекчи жаштардын ичинен дагы өз кесибин сүйгөн,жаштыгына карабай коомго өз пайдасын тийгизген,жеңилди жерден,оорду колдон алган жаштарыбыздан уучубуз куру эмес.Сөз башынан болсун:

"Предметтик олимпиададан биринчи орун алуу оңой,адамгерчиликтин олимпиадасынан биринчи орунду алуу кыйын.Анткени адамгерчиликтин олимпиадасы өмүр бою уланат,силер адамгерчиликтин олимпиадасынан биринчи орунду алгандай болгула,-"депГ.Мадаминов айткандай,чындыгында асыл ой,улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес ал мүдөө-максаттарда ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Жумабаева Гулбарчын Керимбековна Таш-Көмүр шаарындагы №4 Токтогул  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде он жылдан ашык окуу тарбия иштери боюнча диретордун орун басары,кыргыз тили жана адабияты мугалими,шаардык класс жетекчилердин усулдук секциясынын жетекчиси,хареограф, "Кыз жибек" бий тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келет.Ар дайым коомдук иштерге активдүү катышып,элдин дагы алкоосуна ээ болуп келет.Быйылкы 2018-жылдын балдар үчүн жайкы эс алуусуна активдүү катышып ,күнүгө балдарга оюн-зоок уюштуруп турду.Профсоюздун мүчөсү катары баштапкы уюмдун  ар бир иш чарасын жан дили менен,жоопкерчиликтүү аткара билет.Өзунүн жаштыгына карабай көптөгөн ийгиликтеринин жемишин көрүп бир нече сыйлыктардын ээси.Сөзүм куру болбосун үчүн Гулбарчындын сыйлыктарын атай кетейин.

2004-жылы ШБББнын "Жылдын мугалими-2004" Ардак грамотасы

2005-жылы ШБББнын "Үлгүлүү кыргыз тили мугалими-2005" сынактын жеңүүчүсү

2009-жылы-Кыргыз милициясынын 85 жылдыгына карата ШИИБнын Ардак грамотасы

2010-жылы-Шаардык мэрияныны Ардак грамотасы

2013-жылы КРдин өкмөтүнүн Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлунүн Ардак грамотасы

2013-жылы КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы

2012-жылы Коомдук ишмер Токтосун Шадыхановдун жаркын элесине арналган 3-эл аралык турнирге активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота

2016-жылы-Таш-Көмүр шаардык жаштар иштери дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн Ардак грамотасы 2-орун алгандыгы үчүн

2015-жылы- "Жылдын мыкты уюштуруучусу"Ардам грамотасы

2012-жылы"Мектептерде жагымдуу соцпсихологиялык жагдай түзүү"сертификаты

Философиядагы 2011-жылы- "Медиатор-Ынтымак жарчысы"сертификаты

2008-жылы-Кыргыз Билим берүү Академиясынын диплому

2013-жылы-КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору хореограф сертификаты

2014-жылы-Шаардык мэриянын Ардак грамотасы

2018-жылы- тарбия иштери боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча сертификат.

Гулбарчын Керимбековна мугалимдик кесипти тандашын төмөндөгудөй баяндайт:

- "Аалым болуш оңой,адам болуш кыйын"бул кылымдарды карыткан элдик накыл.Азыркы учурдагы базар экономикасы өзүмчүл,эпчил,шылуун.акча табууну биринчи орунга койгон инсандарды калыптандырды.Коомдогу экономикалык кризистин себеби руханий негиздердин кыйрашында.Экономикалык кризистен руханий кризис  коркунучтуу.Башын компьютердик      техника,эс-тутумун интернет,кулагын телефон ээлегн баланын жүрөгүнө от тутантып,жан дүйносүн тазартуу зарыл.

Мектептер арасында өткөрүлүүчү "Даанышман"конкурсунун алып баруучусу,уюштуруучусу жана өз мектебинен чыккан тобунун жетекчиси.Гулбарчын таптаган жаш барчындар дайыма алдыңкы

Мына ушул балдардын жан дүйнөсүн тазартууда мен да кайдигер карап тура албай,ата мурасын улантып мугалимдик кесипти тандадым.Бул кесипти аркалап калганымдын да бирден бир себеби ата кесибин улантуу,атам-Атаяров Керимбек Аттокурович орус тили жана адабияты мугалими,таятам-Бекимбетов Корчубек башталгыч класстар мугалими,абам-Өмүрбеков Мыктыбек физика мугалими,доцент,эжем-Султанова Бурул Өмүрбековна ОшМунун окутуучусу,бир туугандарым-Атаярова Нуржан Керимбековна-кыргыз тили жана адабияты мугалими учурда №14 Токтосун Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин директору,Исакова Нургул Керимбековна химия мугалими.

Ушундай педагогикалык чөйрөдө тарбияланганыма абдан сыймыктанам .Эсимде,алгач эмгек жолуму баштаарда жүрөксүү болгон.Бирок анын баарын балдардын кыялы,ишеними,иага болгон үмүттүү көз карашы жеңип кетти-дейт өэ сөзүндө Гулбарчын Керимбековна сыймыктануу менен. Ооба Гулбарчындын сөзү ак,жаш да болсо ар дайым шаардын ар кандай иш чараларында биринчилерден болуп бой уруп.өзунун активдүүлугун көрсөтуп  келет.Азыркы мезгилде мугалимдик кесипти тандаган жаштарга Гулбарчындын жасаган эмгектери,ар бир кадамы,ой-толгоосу,тынчсызданган көйгөйлөрү үлгү болсо деймин.Ошондой эле коомубузда  ушундай жаштар көп болсо биз анда педагогикалык миссиябызды ишке ашыра алабыз деген  умүттө калабыз.

Даярдаган:  Таш-Көмүр  шаардык БББнүн кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы  Э.Ж.Эгизалиева.