Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ат-Башы районунда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин усулчулары тарабынан билим берүү кызматкерлеринин усулдук кенешмеси болуп өттү. Усулдук кенешмеде билим берүү кызматкерлери секцияларга бөлүнүп иш алып барышты. Усулдук кенешмеде жаңы 2021-2022-окуу жылында аткарылуучу программалар жана жаны иш тажрыйбалар талкууга алынды.

Аны менен бирге 2021-жылдын 13-сентябрында Ат-Башы райондук билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Кадыркулов, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер катышты.

Анда райондук мектептердеги 2021-2022-окуу жылында жүргүзүлгөн иштер жана 2021-2022-окуу жылына карата билим берүү кызматкерлеринин милдеттери талкууланды.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кадыров, жарыш сөзгө чыккандар окутуунун сапатын жана таалим-тарбия иштериндеги көйгөйлөр, аны жакшыртуунун жолдорун айтышты. Жана бул боюнча резолюция кабыл алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ат-Башы райондук КБКнын төрагасы К.Керималиев