Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Асмандан жарык көрсөӊ жылдыз деп бил, Ак Калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

2019-жылдын 5-март Ак-Калпак күнүнө карата Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова,  Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов тарабынан көтөрүлгөн демилге боюнча Токтогул районунун борбордук көчөлөрүнөн баштап борбордук аянтына чейин Ак-Калпак майрамына арналган мугалимдер, студенттер, окуучу жаштардын ар кандай лозунгдары менен жөө жүрүшү болуп өттү. Салтанаттуу майрамдын бет ачаар сөзүн Токтогул шаарынын мэри Болгонбеков Б.Т. ачык деп жарыялап куттуктоо сөздөрүн айтып өттү. Сөз кезеги Токтогул районунун акими Жайылов Т.Т. берилип район башчыбыз дагы өз сөзүндө салтанаттуу майрам ээлери, катышуучуларын куттуктап уюштуруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтып өттү. Мындан сырткары жаш окуучулар студенттер Ак-Калпак күнүнө арналган ыр-саптарын куттуктоолорун айтып өтүшүп майрамдык концерт менен аяктады.

Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова жана Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловко салтанаттуу майрамдын коноктору катышуучулары ыраазычылык билдирет.

 

 

Материалды даярдаган инспектор 

 Дүйшөналиев С.